Бишкекте көп кабаттуу үйдүн дубалы коңшу жайгашкан үйгө урап түштү
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн дубалы коңшу жайгашкан үйгө урап түшүп, бир аял жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Бүгүн, 27-мартта Жаш Гвардия бульварында жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн кыштары жанында жайгашкан 2 кабаттуу үйдүн чатырына урап түшкөн. Натыйжада батирлердин биринин шыбы урап, андагы жашоочу 1958-жылы туулган аялдын үстүнө түшкөн. Кырсыктын кесепетинен аталган аял жаракат алып, тез жардам жеринде көрсөтүлдү. Бирок жабыркаган аял ооруканага баруудан баш тарткан. Ал жерге Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="103236,103239,103240,103238,103237"]