Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 60ка жакын адам эвакуацияланды
Бишкек шаарынын Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Өрттү өчүрүүгө саат 11:22де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылды. Учурда өрт өчүрүүчүлөр тарабынан болжол менен 55-60ка жакын адам эвакуацияланууда", - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="269890,269891"]