Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды
Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:05те Октябрь районунан жалпы 2 күжүрмөн эсеп жана 1 автошаты тартылган. Ал эми саат 12:20да атайын штаб жөнөтүлдү. Учурда өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону 12:42де чектөөгө алышып, толук өчүрүү иштери жүрүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="213090,213089,213091"]