Бишкекте көп кабаттуу үйдөн 6 жашар бала кулап кетти
Бишкекте 6 жаштагы бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кетип, бактыга жараша аман калды. Бул тууралуу "Короче" телеграм каналы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Токтогул көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Бала ооруканага жеткирилген.
"Баланын апасы аны улуу агасы менен чогуу калтырып кеткен. Улуу агасы баланы сыртынан бекитип, сыртка чыгып кеткен", - деп жазылат маалыматта.
Милициядан бул маалымат такталып жатканын билдиришти.