SerepTV Logo

Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды
Бишкектин Октябрь районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирдин ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 9-май күнү саат 09:53тө ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары 6-кичи районунда жайгашкан батирлердин биринин жабылып калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 1971-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 
edita