Бишкекте көп кабаттуу үйдө газ жарылган окуя. Кореянын жараны каза болуп, дагы экөө ооруканада
ӨКМ кечээ, 21-августта маалымат таратып, Бишкек шаарынын 3-кичи районунда көп кабаттуу үйдүн 2 кабатынан жарылуу болуп, 1 адам каза болгонун билдирген.
Окуя боюнча Октябрь РИИБ маалымат берип, 1973-жылы туулган аял каза болгонун билдирди.
21-августта саат 15:40 чамасында милицияга 3-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ баллон жарылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция 1973-жылы туулган Кореянын жаранынын жансыз денесин тапкан. Денени кароо учурунда зомбулуктун тактары байкалган эмес. Дагы бир жабырлануучу №3 шаардык балдар ооруканасына, экинчиси № 4 клиникалык Тез жардам ооруканасына жеткирилген. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталды.
Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ошондой эле өрт-техникалык экспертиза дайындалат.
Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!
Биздин Телеграм канал: @serepkg