SerepTV Logo

Бишкекте коңшулардын урушу адам өлүмү менен аяктады

Бишкекте коңшулардын урушу адам өлүмү менен аяктады
Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 22-августта билдирди. 12-август күнү милицияга Мусоргский көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде зомбулук менен өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган. Милиция кызматкерлери тарабынан маркум 1985-жылы туулган В.Э. менен анын кошунасынын ортосунда чыр чыккандыгы аныкталган. Кошунасы анын көкүрөгүнө, колтук тушуна жана далысына бычак сайган. Шектүү катары 1978-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.