SerepTV Logo

Бишкекте көчөдө мушташкан жигиттер боюнча милиция маалымат берди (видео)

Бишкекте көчөдө мушташкан жигиттер боюнча милиция маалымат берди (видео)
Буга чейин социалдык тармактарда көчөдө топ болгон жарандар мушташып жаткан видео тараган. Окуя боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришти. Маалыматка караганда, 6-апрель күнү Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Бишкектеги эс алуу жайларынын биринде жарандар мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Милиция тарабынан 2000-жылы туулган 2 жаран аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык административдик протокол түзүлгөн.
edita