Бишкекте көчөдө эркек киши аялын сабап салган
11-апрелде кечки саат 07:00 чамасында милицияга Кустанай-Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде үй-бүлөлүк жаңжал болуп жатат деген билдирүү түшкөн.
Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге Биринчи май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана кайгуул кызматкерлери барышкан. Милиция жергиликтүү тургун аялын сабап салгандыгын аныктады.
Жаран милиция бөлүмүнө жеткирилип, бул факт Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.