SerepTV Logo

Бишкекте көчөдө аялын сабаган шектүү кармалды

Бишкекте көчөдө аялын сабаган шектүү кармалды
Кечээ, 30-декабрда социалдык тармактарда көчөдө аялын сабаган эркек кишинин видеосу тараган. Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришти. Маалыматка караганда, окуя кечээ саат 14:00 чамасында Лев Толстой көчөсүндө болгон. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган. Жерине барган милиция 1998-жылы туулган жаранды кармаган. Ага майда бейбаштык боюнча протокол толтурулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УВД Ленинского района г.Бишкек (@uvdleninsky312)

edita