SerepTV Logo

Бишкекте көчөдө милиция кызматкери экенин айткан жаран акча талап кылган

Бишкекте көчөдө милиция кызматкери экенин айткан жаран акча талап кылган
Бишкекте опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 10-январда Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга мыйзамдуу түрдө чара көрүүнү суранган. 9-январда Бишкек шаарынын Ахунбаев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде, өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары таныштырып, эч себепсиз акча талап кылышкан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (опузалап акча талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2003-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.