SerepTV Logo

Бишкекте көчө шыпыруучу унаа сүзүп каза болду. Бул соңку айдагы үчүнчү өлүм

Бишкекте көчө шыпыруучу унаа сүзүп каза болду. Бул соңку айдагы үчүнчү өлүм
Бишкекте "Тазалык" ишканасынын кызматкери жол кырсыгынан кийин каза болду. Бул тууралуу Патрулдук милициядан бүгүн, 4-январда маалымдашты. Жол кырсыгы саат 08:15 чамасында ТЭЦ жайгашкан райондо катталган. Тойота Пробокс үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Шабдан баатыр көчөсүн шыпырып жүргөн 1987-жылы туулган жаранды сүзүп алган. Ал кырсыктын кесепетинен ошол жерде каза болгон. 1981-жылы туулган айдоочу милиция бөлүмүнө жеткирилип, бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Буга чейин ушул сыяктуу эле эки жол кырсыгы катталганы маалым. 12-декабрда Бишкекте Чыгыш автовокзалына жакын жерде «Тазалыктын» кызматкерин сүзүп кетип, ал ооруканага жетпей жан берген. 18-декабрда «Ала-Тоо» ресторанынын маңдайында көчө шыпыруучуну айдоочу коюп кетип, ал ошол жерде көз жумган.