SerepTV Logo

Бишкекте кеңседен акча жана көзөмөл камераны уурдоого шектүү кармалды

Бишкекте кеңседен акча жана көзөмөл камераны уурдоого шектүү кармалды
Биринчи май РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 15-март күнү милицияга жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган, Себеби алар көрсөтүлгөн күнү саат 00:50 чамасында Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан кеңсеге эшикти сындырып кирип, кассадан 7 миң 600 сом өлчөмүндөгү акча каражатын жана баасы 4 миң 792 сомду түзгөн байкоочу камераны уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (уурдоо) каралган негиздер менен кылмыш иши козголду. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө милиция кызматкерлери тарабынан 2001-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды.