SerepTV Logo

Бишкекте келин жолдошу сабаганын айткан. Шектүү кармалды

Бишкекте келин жолдошу сабаганын айткан. Шектүү кармалды
Милиция кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Милицияга келин арыз менен кайрылып, жолдошуна чара көрүүнү суранган. Келиндин айтымында, 21-апрель күнү Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунун Кегете-Таш көчөсүндөгү үйүнүн короосунда жүрүп, денесине эч себепсиз залал келтирген. Аталган факты Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон. 1996-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды.