Бишкекте кечээ кампадан чыккан өрт бүгүн толук өчүрүлдү
Кечээ, 2-октябрда Бишкектин Свердлов районунун Широкая көчөсүндө унаа дөңгөлөктөрүнөн чыккан өрт бүгүн, 3-октябрь күнү саат 12:48де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылган. Мындан сырткары жерине “Тазалык” муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа, ИИМден 40 кызматкер, РЭТтен 1 бригада жана жеке менчик 1 экскаватор тартылган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="205893,205894,205895"]