SerepTV Logo

Казакстандык жарандан 25 миллион сомго жакын акча алып качып жүргөн шектүү кармалды

Казакстандык жарандан 25 миллион сомго жакын акча алып качып жүргөн шектүү кармалды
Бишкекте Казакстандын жаранынан 24 миллион 779 миң сом алып из жашырып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден маалымдашты.   "17-мартта Казакстандын жараны К.А. Ж.Т. аттуу жаран Орто-Сай базарынын аймагында кийим тигип берем деген шылтоо менен андан 24 миллион 779 сом каражатын алып, дайынсыз болуп жатканын айтып арызданган.  Аталган факты электрондук китепчеге катталып, ири суммадагы алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон.  Иликтөөнүн жыйынтыгында 1990-жылы туулган Ж.Т. кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Октябрь райондук соту тарабынан шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, СИЗО-1ге бир айга камакка алынган", - деп жазылат маалыматта.