SerepTV Logo

Бишкекте каза болгон улакчы. Оюнчу менен калыс кармалды

Бишкекте каза болгон улакчы. Оюнчу менен калыс кармалды
Кечээ, 12-мартта Бишкектин четиндеги көк бөрү оюнунда улакчы каза болгон. Кырсык боюнча Ленин РИИБден маалымат беришип, 1980-жылы туулган оюнчу каза болгонун билдирген.
  • «12-мартта болжол менен саат 10:00дө Көк бөрү федерациясы уюштурган мелдештин жүрүшүндө Сокулуктун “Бөрүлү” командасы менен Оштун “Бүркүт” командасынын оюну башталган. Болжол менен 10-15 мүнөт өткөн соң, кагылышуудан улам оюнчу аттан кулап, эс-учун жоготкон. Оюн токтотулуп, жерине Тез жардам чакырылган. 1980-жылы туулган жаран ооруканага бара жатып жан берди. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталды»,- деп айтылган маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Экспертизалар дайындалган. Шектүү катары 1996-жылы туулган оюнчу менен 1983-жылы туулган калыс кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="277571,277572"]
edita