SerepTV Logo

Бишкекте каза болгон улакчы. Оюнчу камакта калтырылып, калыс үй камагына чыкты

Бишкекте каза болгон улакчы. Оюнчу камакта калтырылып, калыс үй камагына чыкты
12-мартта Бишкектин четиндеги көк бөрү оюнунда улакчы каза болгон. Анын өлүмүнөн кийин оюнчу менен калыс кармалган. Ленин райондук сотунан алардын бөгөт чарасы каралганын билдиришти. Маалыматка караганда, кармалган оюнчу 12-майга чейин камакка алынып, калыс үй камагына чыгарылды.
  • 12-мартта болжол менен саат 10:00дө Көк бөрү федерациясы уюштурган мелдештин жүрүшүндө Сокулуктун “Бөрүлү” командасы менен Оштун “Бүркүт” командасынын оюну башталган. Болжол менен 10-15 мүнөт өткөн соң, кагылышуудан улам оюнчу аттан кулап, эс-учун жоготкон. Оюн токтотулуп, жерине Тез жардам чакырылган. 1980-жылы туулган жаран ооруканага бара жатып жан берген. 
edita