Бишкекте катуу шамалдан бак баскан 13 жашар кыздын абалы айтылды
Бүгүн, 13-июнь күнү Бишкекте болгон катуу шамалдан 13 жашар кыздын үстүнө бак кулап түшкөн. Кыздын учурдагы абалы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
"Кыздын абалы учурда туруктуу. Кырсык катталганда жабырлануучуну №3 балдар ооруканасына "Тез жардам" кызматы болжолдуу баш-мээси чайкалган деген диагноз менен алып келген. Дарыгерлер кызга кароо жүргүзүп, ал диагнозду чет какты. Бир аз денеси көгөрүп, чийилип калган. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин кыздын апасы үйүнө алып кетти", - дешти басма сөз кызматынан.