SerepTV Logo

Бишкекте катталган ири өрт чектөөгө алынды

Бишкекте катталган ири өрт чектөөгө алынды

Бишкек шаарынын Ленин районунун Лазурный көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 7 бөлүм тартылып, жеринде жалпы 5 бөлүм иштеди жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, 1 штаб тартылган.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык жашылдандыруу ишканасынан 1 суу унаасы, Саламаттык сактоодон "Тез жардам" кызматы, Бишкек электр тармагынан электриктер иш алып барган.