SerepTV Logo

Бишкекте каракчылыкка шектелип эки жигит кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектелип эки жигит кармалды
Бишкекте 29-январда таңкы саат 4төр чамасында дүкөнгө кирип, каракчылык кылган эки жигит бүгүн, 4-февралда кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жабырлануучунун айтымында, 29-январда таңкы саат 4төр чамасында Асаналиев көчөсүндөгү дүкөнгө медициналык беткапчан эки жигит кирип келген. Куралга окшош буюм менен коркутуп, андан 10 миң сом жана 30 миң сомдук товарларды алып кетишкен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүүлөр 2000-жылы туулган Д.Р. жана 2004-жылы туулган О.Н. кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УВД Ленинского района г.Бишкек (@uvdleninsky312)