SerepTV Logo

Бишкекте КамАЗ сүзгөн кыз көз жумду

Бишкекте КамАЗ сүзгөн кыз көз жумду
Жүк ташуучу унаа сүзгөн кыз көз жумду. Бул тууралуу милициядан билдиришти. 28-июнда болжол менен саат 20:20да Ак-Ордо конушунда 1984-жылы туулган жаран КамАЗ унаасы менен "зебрадан" өтүп бара жаткан велосипедчен кызды сүзүп кеткен. Кесепетинен 2017-жылы туулган кыз окуя болгон жерде каза болгон. Аталган факты каттоого алынып, тергөө иштери башталган. Экспертизалар дайындалган. Тергөө уланууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="288961,288962"]
edita