SerepTV Logo

Бишкекте кафеден кызды көтөрүп чыгып, белгисиз тарапка алып барып зордуктоого шектүүлөр кармалды

Бишкекте кафеден кызды көтөрүп чыгып, белгисиз тарапка алып барып зордуктоого шектүүлөр кармалды
Бишкекте зордуктоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 28-февралда Свердлов РИИБге кыз киши кайрылып, 5 адамга чара көрүүнү суранган. Ал 28-февралга караган түнү аны кафеден көтөрүп чыгышып, унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып барып, зордукташканын айткан. Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган 3 жаран, 2001-жылы туулган 2 жаран кармалып, камакка алынды. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, кыз качып кеткен жеринен кармап келишип, кайра зордукташканы айтылды. 23 жаштагы жабырлануучу милицияга кайрылган.
edita