SerepTV Logo

Бишкекте жылуулук өткөрүүчү түтүктөн эркек кишинин жансыз денеси табылды (сүрөт)

Бишкекте жылуулук өткөрүүчү түтүктөн эркек кишинин жансыз денеси табылды (сүрөт)

Бишкек шаарындагы жылуулук өткөрүүчү түтүктөн белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалымат караганда, "102" кызматына Үсөнбаев менен Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук өткөрүүчү түтүктө белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, 40-45 жаштагы славян түспөлүндөгү эркек кишинин жансыз денесин алып чыгышкан. Учурда укук коргоо кызматкерлери каза болгон адамдын аты-жөнүн тактоо жана андан аркы ишти иликтөөдө.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="96651,96652,96653"]