SerepTV Logo

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды (сүрөт)

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды (сүрөт)
Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-июнда саат 18:00 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз автоунаа менен 7-апрель көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, Исакеев көчөсүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада 1988-жылы туулган жаран ооруканага кайрылган. Аталган факты боюнча 29-июнда Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаанын 21 жаштагы айдоочусу кармалып, шаардык милициянын Тергөө кызматына жеткирилди. Ал эми автоунаасы айып аянтчасына токтотулган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="60686,60687"]
Unknown Author