SerepTV Logo

Бишкекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды
Бишкекте жолдон өтүп бара жаткан адамды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 27-декабрда саат 23:04 чамасында 2004-жылы туулган айдоочу Hyundai Sonata унаасы менен 7-Апрель көчөсүндө бара жатып, ресторандын тушунан 1995-жылы туулган жаранды сүзүп кеткен. Кырсык болгон жерден айдоочу качып кеткен. Милиция тарабынан шектүү кармалып, айдоочунун мас абалында экени аныкталган. Учурда тергөө уланууда.
edita