SerepTV Logo

Бишкекте жолдошу тарабынан сабалган аял милицияга кайрылды

Бишкекте жолдошу тарабынан сабалган аял милицияга кайрылды
Бишкекте үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. 19-февраль күнү жаран милицияга арызы менен кайрылган. Анда жолдошу ошол эле күнү болжол менен саат 21:30 чамасында ур-токмокко алып, курч буюм менен денесине жаракат келтиргенин айткан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесине (уруп-сабап кыйноо) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча бир нече жолу жоопкерчиликке тартылганы аныкталган. Кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="274500,274501,274502,274497"]
edita