Бишкекте жол кырсыгы катталып, эки айдоочу тең көз жумду
Бишкекте жол кырсыгы катталып, 2 айдоочу көз жумду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
26-декабрга караган түнү саат 02:00 чамасында Бишкек шаарынын Щербаков жана Сеченов көчөлөрүн кесилишинде 1988-жылы туулган жаран КИА К5 үлгүсүндөгү унаасы менен Щербаков көчөсүнүн күн чыгыш тарабына бара жатып, ошол эле көчөнүн күн батыш тарабынан келе жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн.
Кесепетинен окуя болгон жерде унаалардын айдоочулары каза болгон. Ал эми унаалардагы 3 жүргүнчү денелеринен алган жаратынан улам Улутук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Аталган факты Бишкек ШИИБге катталып, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="266171,266172,266173,266174,266175,266177"]