SerepTV Logo

Бишкекте жол эрежесин бузган той кортежине айып пул салынды

Бишкекте жол эрежесин бузган той кортежине айып пул салынды
Бишкекте жол эрежесин бузган той кортежине айып салынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындан бир нече күн мурун жол эрежесин одоно бузган той кортежинин видеосу социалдык тармакта тараган. Мындан улам милиция кызматкерлери тийиштүү чараларды көрүп, бул окуяга байланыштуу 6 автоунааны кармады. Бузуулар кодексинин негизинде протоколдор толтурулуп, айдоочуларга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Unknown Author