SerepTV Logo

Бишкекте жоголгон 15 жаштагы өспүрүм Жалал-Абаддан табылды

Бишкекте жоголгон 15 жаштагы өспүрүм Жалал-Абаддан табылды
Бишкек шаарында жоголгон 15 жаштагы Акылай Баялиева Жалал-Абад облусунун аймагынан табылды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден маалымдашты. "Жашы жете элек балдар менен иштеген инспекторлор Бишкектен жоголгон өспүрүм кыздын дарегин аныктап таап, кызды ата-энесине өткөрүп беришти. Ошондой эле окуяга байланыштуу кыздын жакындары менен, өспүрүм менен профилактикалык сүйлөшүү иштерин жүргүздү", - деп жазылат маалыматта.