SerepTV Logo

Бишкекте жигиттин көкүрөгүнө бычак сайылган. Шектүү кармалды

Бишкекте жигиттин көкүрөгүнө бычак сайылган. Шектүү кармалды
Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери тарабынан ден соолукка залал келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 14-ноябрда саат 03:00 чамасында Кулиев менен Пушкин көчөсүндө жаран бычакталганы жана ооруканага жеткирилгени айтылган. Аталган факты боюнча жерине милиция барган. Алар ошол эле күнү №1 шаардык клиникалык ооруканага 1999-жылы туулган жаран оң көкүрөгүнө бычак сайылып, жеткирилгенин аныкташкан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.