SerepTV Logo

Бишкекте жигит үйүнүн жанында от алып турган унаасын таппай калган. Кылмышка шектүү кармалды

Бишкекте жигит үйүнүн жанында от алып турган унаасын таппай калган. Кылмышка шектүү кармалды
Милициянын кайгуул кызматкерлери унаа айдап качууга шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Кечээ, 28-февралда саат 09:20 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына "унаамды айдап кетти" деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1998-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда үйүнүн жанында от алдырып, токтоп турган Тойота Виш үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жаран белгисиз тарапка айдап качып кеткенин айткан. Ыкчам кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган жаран кармалып, аны Ленин РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришти. Тергөө жүрүп жатат.