SerepTV Logo

Бишкекте жигит тааныш кызды уурулукка айыптады

Бишкекте жигит тааныш кызды уурулукка айыптады
Бүгүн, 25-августта Ленин райондук милициясынан уурулукка шектелген жаран кармалганын билдиришти. Жабырлануучунун айтымында, кылмыш 14-августта Турусбеков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. Ал таанышын 400 доллар, 6 миң сом жана IPhone 11 Pro үлгүсүндөгү телефонун уурдап, андан соң качып кеткенин билдирген. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган жаран кармалды. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.