SerepTV Logo

Бишкекте жашы жете элек кызды сойкулукка мажбурлаган шектүү кармалды

Бишкекте жашы жете элек кызды сойкулукка мажбурлаган шектүү кармалды
Милиция кызматкерлери сойкулук кылууга тарткан шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 1-декабрь күнү Октябрь РИИБге жаран арызы менен кайрылган. Анда ал ушул жылдын октябрь айынан баштап анын жашы жете элек 2006-жылы туулган сиңдисин алдоо жолу менен сойкулук кылууга тартканын билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесине (Сойкулук кылууга тартуу) ылайык сотко чейинки өндүрүш иши козголгон. Кылмышка шектүү 2001-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.