SerepTV Logo

Бишкекте жашы жете элек кыз сойкулукка мажбурланган. 23 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте жашы жете элек кыз сойкулукка мажбурланган. 23 жаштагы кыз кармалды
Бишкекте милиция кызматкерлери сойкулукка тарткан жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 1-декабрда Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, шектүү үч ай бою 2005-жылы туулган небересинин интимдик кызмат көрсөтүүсүнө ортомчулук кылган.  Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган кыз кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.