SerepTV Logo

Бишкекте жарандын унаасын алып, аны дагы бирөөгө сатып жиберген шектүү кармалды

Бишкекте жарандын унаасын алып, аны дагы бирөөгө сатып жиберген шектүү кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 17-октябрда милицияга жаран кайрылып, 14-августта анын ишенимине кирип, 30 миң доллар турган БМВ М3 340 унаасын алып, үчүнчү тарапка сатып жибергенин айткан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.