SerepTV Logo

Бишкекте жарандын 250 миң сом акчасын уурдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте жарандын 250 миң сом акчасын уурдап кеткен шектүү кармалды
Бишкекте каракчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 28-ноябрь кунү Биринчи Май РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Арызында 28-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Ала-Арча көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинин кесилишинен белгисиз адам, күч колдонуп, 250 миң сомдон ашык акча каражатын алып, из жашырып кеткен. Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда соттолгон 1989-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.
edita