SerepTV Logo

Бишкекте жаранды тоноп жаткан учур видеого түшүп калган

Бишкекте жаранды тоноп жаткан учур видеого түшүп калган
Ленин РИИБ тарабынан уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Милицияга жаран кайрылып, 16-майга караган түнү аны тоноп, телефонун жана 5 миң сомун тартып алып, качып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча тоноо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2001-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.