SerepTV Logo

Бишкекте жаранды сабап жаткан учурду видеого тартып алышкан (видео)

Бишкекте жаранды сабап жаткан учурду видеого тартып алышкан (видео)
Бишкекте уюшкан кылмыштуу топ түзгөн жана каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Октябрь РИИБге 1996-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда 14-январь күнү саат 07:00дө Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунун аймагындагы ээн-талаадан белгисиз адамдар тарабынан денесине залал келтирилип, ал учурду видеого тартып алышканын билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (уюшкан топ түзүү жана ага катышуу), 207-берене (каракчылык) жана 280-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 2003-жылы туулган Б.М., 2004-жылы туулган Ж.А., 2004-жылы туулган О.Н. аныкталып, кармалды. Учурда бардык экспертизалар дайындалып, кылмыштын башка жабырлануучуларын жана уюштуруучуларын аныктоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
edita