SerepTV Logo

Бишкекте жаранды 8,6 миллион сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте жаранды 8,6 миллион сомго алдап кеткен шектүү кармалды
Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 9-август күнү Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматына жаран Кытайдан Ли-9 үлгүсүндөгү унаа алып келип берүүгө жана андан ары биргелешкен бизнес кылуу шылтоосу менен 8 миллион 680 миң сом акча каражатын алып, убадасын аткарбай, белгисиз тарапка качып кеткен. Аталган факты боюнча Бишкек ШИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган кармалды.
edita