SerepTV Logo

Бишкектин тургуну үйүнүн короосуна токтотуп койгон унаасын таппай калган. Шектүүлөр кармалды

Бишкектин тургуну үйүнүн короосуна токтотуп койгон унаасын таппай калган. Шектүүлөр кармалды
Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан унаа уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 26-ноябрда 1996-жылы туулган жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Турусбеков көчөсүндө жайгашкан үйүнүн короосунда токтоп турган Toyota Voxy үлгүсүндөгү унааны белгисиз жарандар уурдап, белгисиз тарапка айдап кеткенин айткан. Бул боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 1990, 1977-жылы туулган жарандарды аныктап, Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткиришкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 206-берененин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="85753,85754,85755,85756"]