SerepTV Logo

Бишкекте жаран токтоп турган унаасын таппай калган. Шектүү кармалды

Бишкекте жаран токтоп турган унаасын таппай калган. Шектүү кармалды
Унаа уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 25-мартта саат 15:30 чамасында Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде токтоп турган Honda Odyssey үлгүсүндөгү унааны белгисиз адамдар айдап кеткен. Бул факты боюнча Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында “Тосмо” иш-мерчеми киргизилип, ыкчам издөө иш аракеттеринин натыйжасында Манас жана Ош аэропортун тейлөө боюнча атайын бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган жаранды кармашып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.