SerepTV Logo

Бишкекте жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Бишкекте жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты
Бишкекте жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Анкара көчөсүнүн №5 дарегинде жайгашкан жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 22:02де Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1, №5 ӨКБдан 2,  №8 ӨКБдан автошаты жана штаб тартылган. Саат 22:23тө Свердлов райондук №3 ӨКБдан дагы 1 күжүрмөн эсеп тартылды. Жалпы 4 күжүрмөн эсеп жеринде өрт өчүрүшүүдө.