SerepTV Logo

Бишкекте "ишкерлик кылалы" деп 78 миң долларын алган шектүү из жашырган

Бишкекте "ишкерлик кылалы" деп 78 миң долларын алган шектүү из жашырган
Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 5-декабрда Октябрь РИИБге жаран кайрылып, ушул жылдын июнь айында Бишкектин 12-кичи районунда анын ишенимине кирип, "бирге ишкерлик кылалы" деп 78 миң долларын алып, из жашырган адамга чара көрүү арызы менен кайрылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2002-жылы туулган жаран аныкталган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.