SerepTV Logo

Бишкекте 24 миң долларлык унааны алып, из жашырган шектүү кармалды

Бишкекте 24 миң долларлык унааны алып, из жашырган шектүү кармалды
Бишкекте ишенимге кирип, 24 миң долларлык унаасын алып, изин жашырган шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 2024-жылдын 4-декабрь күнү Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылып, 12-сентябрь күнү жабырлануучуну алдап, ишенимине кирип, баасы 24 миң доллар болгон Retour X 70 plus унаасын сатып алам деген шылтоо менен убадасын аткарбай, изин жашырып кеткен. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 1980-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.