SerepTV Logo

Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиршти. Маалыматка караганда, 2020-жылы 11-августта Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылып, 2019-жылдын февраль айында шектүү республиканын түштүгүнөн балатыларды алып келип берем деп убада кылып, жабырлануучудан 750 миң сом жана 1 миң доллар алган. Акчаны алган соң шектүү из жашырып кеткен. Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 204-беренесине ылайык (алдамчылык) кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шектелип 42 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
edita