SerepTV Logo

Бишкекте ири алдамчылык менен алектенген, баңгизат ташыган дропперлер кармалды

Бишкекте ири алдамчылык менен алектенген, баңгизат ташыган дропперлер кармалды
Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБне 1954-жылы туулган Р.Л., аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Арыздануучунун айтымында, белгисиз адамдар өздөрүн УКМК кызматкерлери катары тааныштырып, «мүлктү коргоо жана терроризмге каршы иш-чараларды каржылоо максатында» акча каражаттарын которуу зарылдыгына ишендиришкен. Жабырлануучу алдамчыларга ишенип, батирин сатып, түшкөн акчаны, өзгөчө ири суммадагы ар кандай банктык эсептерге — жалпысынан 18 банкка — которгон. Алдамчылык аракеттердин натыйжасында Р.Л айымга өзгөчө ири материалдык чыгым келтирилген. Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, «дропперлер» аныкталган. Алар 2009-жылы туулган Ж.Д., 2006-жылы туулган О.Б., 1995-жылы туулган С.Д., 2007-жылы туулган О.В., 2007-жылы туулган К.А. жана 2007-жылы туулган Ж.А. жарандар кармалган. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="296773,296774,296775,296776"]