SerepTV Logo

Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" уюмунун активдүү мүчөсү кармалды

Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" уюмунун активдүү мүчөсү кармалды
Бишкекте тыюу салынган диний уюмдун активдүү мүчөсүн кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкө аймагында тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмунун активдүү мүчөсү 1983-жылы туулган Ж.А. аттуу шектүү кармалган. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү материалдар жана документтер табылып, алынган. Бул факты боюнча Биринчи май РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесине (экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, Тергөө иштери улантылууда