Бишкекте эшиги бекилип калган үйдүн ичинен 74 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды
Бишкекте эшиги бекилип калган үйдүн ичинен 74 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Куткаруучулар 5-кичи районунда жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 1948-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга 5 куткаруучу тартылган.