SerepTV Logo

Бишкекте эркек киши аялды сабап жаткан видео тарады

Бишкекте эркек киши аялды сабап жаткан видео тарады
Кечээ, 12-май күнү саат 06:58 чамасында Рыскулов көчөсүндө эркек киши аялды сабап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн. Натыйжада, 1984-жылы туулган жаран Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Аталган жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча административдик протокол түзүлүп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү териштирүү иштери жүрүп жатат.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УВД Ленинского района г.Бишкек (@uvdleninsky312)

edita